Париж-2024: Акжол Олимпиадада алгачкы алтын медалды алаарына ишенет

Автор

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2024-жылы  өтө турган Париж Олимпиадасында кыргызстандык спортчулар эгемендик тарыхындагы алгачкы алтын медалдарды багындыраарына ишенет. Бул тууралуу балбан Бишкекте өткөн жаштар форумунда билдирди.

Акжол Мухмудов “Олимпиадага 9 ай калды. Биз элибизге тарыхта биринчи жолу алтын медалдарды утуп алуу үчүн талыкпай даярданып жатабыз. Алдыдагы Олимпиадада алтынга ээ болоруна чын дилимден ишенем”, – деди.

Жаштар форумунда Акжол Махмудовго  жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына татыктуу болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Жерде күчтүү магниттик бороондор күтүлөт

30-ноябрда жана 1-декабрда Жерде күндүн жарыгынан келип чыккан күчтүү магниттик бороондор болушу мүмкүн.  Бул тууралуу Россия илимдер академиясынын космостук аба ырайын болжолдоо борборунун кызматкери Мария Абунина билдирди.  Бороондун күчү G3 (катуу) же атүгүл G4 (өтө катуу) деңгээлге чейин жетет деп болжолдонууда. Магниттик бороондордун күчүн аныктоо үчүн G индекси колдонулат. Анын беш даражасы […]

Сизге жагышы мүмкүн