Париж -2024: Айсулуу Тыныбекова коло байге утту

Автор

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова XXXIII Жайкы Олимпиадасында кыз келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта коло медаль утту.
Ал 3-орун үчүн бетеште монголиялык Орхон Пуревдорго 6-2 эсеби менен утулуп жатып, акыркы секундаларда төрт упайлык ыкма жасап атаандашын жеңип алды.
Тыныбекова буга чейин эки атаандашын утуп, жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого жеңилип калган.
Белгилей кетсек, Тыныбекова Олимп оюндарына төртүнчү ирет катышууда. Токио Олимпиадасында күмүш медаль тагынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль утту

Бүгүн, 11-августта Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын бокс тарыхында алгачкы жолу олимпиада күмүшүн утуп алды. Ал финалдык беттеште өзбекстандык Абдумалик Халоков менен беттешти. Беттеш 3:2 эсебинде атаандаштын жеңиши менен аяктады. Мунарбек финалга чейинки 1/8 баскычта кубалык Орта Родригести, чейрек финалда америкалык Жамаль Харвини жана жарым финалда болгариялык Хавьер Ибаньести утуп алган. […]

Сизге жагышы мүмкүн