Париж -2024: Айпери Медет кызы жарым финалда утулуп калды

Автор

Бүгүн, 10-августта Олимпиада оюндарынын алкагында Айпери Медет кызы америкалык балбан менен килемге чыкты.
Алар 76 килограмм салмак ченинде күч сынашып, кыргызстандык балбан кыз 8:6 упай менен утулуп, финалдык баскычка чыга албай калды.
Буга чейин Айпери Медет биринчи кармашта кытайлык, ал эми экинчи таймашта индиялык спортчуну жеңип алган.
Эми Айпери коло медаль үчүн күрөшөт. Беттештер 11-август күнү 17:00 дө башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Айсулуу Тыныбекова коло байге утту

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова XXXIII Жайкы Олимпиадасында кыз келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта коло медаль утту. Ал 3-орун үчүн бетеште монголиялык Орхон Пуревдорго 6-2 эсеби менен утулуп жатып, акыркы секундаларда төрт упайлык ыкма жасап атаандашын жеңип алды. Тыныбекова буга чейин эки атаандашын утуп, жарым финалда украиналык Ирина Коляденкого жеңилип калган. […]

Сизге жагышы мүмкүн