Бүгүн Бишкекте күрөш боюнча Олимпиада оюндарына тандоо турнири башталды. Спорттук иш-чара “Бишкек Арена” муз аянтчасында өтүүдө. Париждеги Олимпиада оюндарына 36 лицензия ойнотулуп, финалга чыккан спортчуларга гана берилет.
Бүгүн эркектер арасында эркин күрөш боюнча 12 лицензия ойнотулат. 20-апрелде аялдар арасында, 21-апрелде грек-рим боюнча өтөт.
Килемге биринчилерден болуп эркин күрөш боюнча балбандар чыкмакчы.
Алар алты олимпиадалык салмак категориясында күч сынашат: 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг.
Кыргызстандын намысын коргоп, Олимпиадага катышуу үчүн жолдомо алууга төмөнкү балбандар күрөшөт:
– Бекзат Алмаз уулу (57 кг);
– Эрназар Акматалиев (65 кг);
– Орозбек Токтомамбетов (74 кг);
– Нуртилек Карыпбаев (86 кг);
– Андрей Аронов (97 кг);
– Айаал Лазарев (125 кг).
Жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин уланат.