Париж прокуратурасы Марин Ле Пенге карата тергөө иштерин баштады

Автор

Париж прокуратурасы Франциянын парламенттин төмөнкү палатасындагы “Улуттук биримдик” фракциясынын лидери Марин Ле Пенге карата 2022-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн каржылоо эрежелерин бузду деген айыптоолор боюнча тергөө иштерин баштады.
“Чечим былтыр апрелде Улуттук шайлоо кампаниялары жана саясий каржылоо эсептери боюнча комиссия жарыялаган баяндамадан кийин кабыл алынган. Ар бир шайлоо учурунда талапкерлерге мыйзамда белгиленген чыгымдар чегинен ашууга тыюу салынат”,-деп айтылат бул боюнча материалда.
Ле Пенге карата тергөө иштеринин конкреттүү себеби көрсөтүлгөн эмес. Бирок 2022-жылкы президенттик шайлоо учурунда шайлоо өнөктүгүнүн чыгымдарынын чегинен ашканы айтылып жатат.
Франциянын Улуттук жыйынына мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Марин Ле Пен жетектеген “Улуттук биримдик” оңчул партиясы биринчи турда ишенимдүү жеңишке жеткен. Экинчи айлампада күтүүсүз жерден жеңилүүгө дуушар болуп, үчүнчү орунду ээлеп калды.

Бөлүшүү:
Next Post

179 жүргүнчү салган учактын дөңгөлөгү учуп жатканда чыгып кетти

АКШнын Лос-Анжелес шаарында United Airlines авиакомпаниясынын Boeing 757 учагы аэропорттон учуп жатканда шассинин дөңгөлөгү чыкты. Ичинде 179 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган жок. Учак Денверде шашылыш конду. Boeing “757” үлгүсүн өндүрүүнү 2004-жылы токтоткон. United Airlines жана АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы окуя боюнча иликтөө жүргүзөт. […]

Сизге жагышы мүмкүн