Пара талап кылган милиция кызматкери кармалды

Автор

Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө 2023-жылдын 19-октябрында КР Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБнин кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Токмок ШИИБнин кызматкери арыз ээсинин уулу А.Рды зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалган М.Д.К. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Айбек Осмонов фонддорду ачууда геосаясатты аралаштырбоону сунуштады

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында кол коюлган “Түрк Инвестициялык Фондун” уюштуруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо боюнча маселени карады. Комитеттин төрага орун басары Айбек Осмонов фонддорду ачууда геосаясий маселени аралаштырбоону сунуштап, “бизде “Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду”, “Кыргыз-Өзбек инвестициялык фонду”, “Кыргыз-Азербайжан фонду” сыяктуу фонддор […]

Сизге жагышы мүмкүн