Паралимпиада -2024: Кыргызстандык спортчу Айтунук Жоомарт кызы 11-орунду ээледи

Автор

Кыргызстандык Айтунук Жоомарт кызы аялдар арасында триатлондон жарышка түштү. Ал паратриатлондон көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында мелдешке катышкан.
Паратриатлондо спортчулар 150 метрге сууда сүзүп, 20 чакырым велосипед менен жүрүшөт. Андан соң дагы 5 чакырым жөө чуркашат. Айтунук Жоомарт кызы жандоочусу Ангелина Блиндул менен 1 саат 25 мүнөт 36 секундада марага 11-болуп келген.
Белгилей кетсек, Айтунук Жоомарт кызы буга чейин паратриатлондон Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө кубогунун күмүш медалынын ээси болгон. Паратриатлон, парадуатлон жана парасууда сүзүү боюнча Кыргызстандын көп жолку чемпиону катары белгилүү.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин камакка алынган жок

Россиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү кечинде Монголияга биринчи расмий сапары менен келди. Европа Биримдигинин, Эл аралык кылмыш сотунун жана Украинанын аны камакка алуу боюнча чакырыктарына карабастан, Путинди баш калаа Улан-Батордун эл аралык аэропортунда тышкы иштер министри Батмунх Батцэцэг жылуу тосуп алды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн