Паралимпиада -2024: Кыргызстандык спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды

Автор

Париждеги Паралимпиадага катышкан спортчуларга 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын паралимпиада боюнча курама командасын тосуп алуу салтанатында ыйгарды.
Байсалов паралимпиадачы-спортчуларды XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанаарын билдирди.
Белгилей кетсек, XVII жайкы Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өттү. Кыргызстандан мелдешке Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо) жана Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстанда Россиянын учкучсуз учактарын чыгаруу уюштурулат

Россия Өзбекстанда жарандык дрондорду чыгарууну уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу РФнын премьер-министри Михаил Мишустин эки өлкөнүн өкмөт башчылары деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынында билдирди. “Москва жана Ташкент республиканын аймагында жарандык учкучсуз авиациялык системаларды жана алардын бөлүктөрүн чыгарууну жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат”,-деди премьер-министр. Ошондой эле, Россия Өзбекстанда темир жол унааларын куруу жаатында […]

Сизге жагышы мүмкүн