Паралимпиада-2024. Жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева улуттук рекордду жаңыртты

Автор

Париж шаарында өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында пара жеңил атлетика боюнча кыргызстандык спортчу Гүлназ Жүзбаева 1 500 метр аралыкка чуркоодо 13-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гүлназ Жүзбаева 1,5 чакырым аралыкка чуркоо боюнча жарышка чыгып, маарага 6 мүнөт 11,36 секундда келген.
Муну менен жөө күлүк көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекорд жаратты. Спортчуну коштоочусу Юлия Фернас болду.
Жалпысынан жарышка чыккан 15 спортчунун ичинен Гүлназ Жүзбаева 13-орунду ээлеп, финалга чыга алган жок.
Белгилей кетсек, XVII жайкы Паралимпиада оюндары Парижде 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандан мелдешке 4 спортчу катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңештин сессиясы 2-сентябрда башталат

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын IV сессиясынын ачылышы болот. Парламент депутаттары расмий түрдө сессияны ачышат. Андан ары профилдик комитеттердин жана Жогорку Кеңештин жыйындары кадимки тартипте өтөт. Дүйшөмбү, шейшемби — комитеттердин жыйындары, шаршемби, бейшемби — парламенттин жыйыны, жума күнү — фракциялардын жыйындары белгиленет. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн