Паракорлордун акчасына курулган 15 мектеп ачылды
Казакстанда 19 миң орундуу 15 жаңы мектеп Билим берүү инфраструктурасын колдоо фонду тарабынан ачылды. Аталган фонд паракорлордон алынган каражаттар менен толукталарын Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин иши үч нөөмөттүү окууну, окуучу орундардын жетишсиздигин жоюуга багытталган. Түзүлгөндөн бери 76,7 миң орундуу 62 мектептин курулушу каржыланып, алардын ичинен 52си пайдаланууга берилген.