Панама президенти Хосе Рауль Мулино Панама каналы өлкөнүн көзөмөлүндө кала берерин билдирди. Анын бул билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамптын инаугурация учурунда «каналдын көзөмөлүн кайра алуу керек» деген сөздөрүнө жооп катары айтылды.
«Панама Республикасы жана анын элинин атынан мен президент Дональд Трамптын инаугурациялык сөзүндө Панама жана анын каналына байланыштуу айтылган билдирүүлөрүн чечкиндүү түрдө четке кагууга милдеттүүмүн. Канал Панаманын бир бөлүгү болгон жана болуп кала берет»,-деп жазды Хосе Рауль Мулино «Х» социалдык тармагында.
Ал дүйнөдө Панама бийлигинин иштерине кийлигише турган эч бир өлкө жок экенин баса белгиледи. Анын айтымында, диалог жүргүзүүгө ар дайым мүмкүнчүлүк бар. Бирок, Панама каналына болгон эгемендүүлүк жана менчик укугу Панамага таандык бойдон калат.
Өткөн жылдын аягында Дональд Трамп Панама бийлигинен Панама каналы аркылуу өткөн америкалык аскердик жана соода кемелери үчүн транзиттик жыйымдарды төмөндөтүүнү талап кылган. Болбосо, Трамптын айтымында, Панама каналды кайра АКШга кайтарып бериши керек. Хосе Рауль Мулино америкалык кемелердин Панама каналы аркылуу өтүүсүнө төлөмдөрдү төмөндөтүү боюнча Трамптын талаптарын аткарбай турганын билдирген.