Израил Газаны бомбалоону улантууда. Өлкөнүн Коргоо армиясынын маалыматы боюнча, аскерлер Газадагы Хамастын көптөгөн борборлоруна кеңири масштабдагы чабуулду баштаган.
Израил бийликтери ХАМАстын жарадар болгон мүчөлөрүн дарылоого тыюу салды. Мындай буйрукту Израилдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Моше Арбел чыгарган.
Чыр-чатактын эки тарабынын жаңы курмандыктары боюнча маалыматтар дайыма жаңыланууда.
Газа тилкесинде Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосундагы кагылышуу күчөгөндөн бери буга чейин 1,2 миң адам набыт болуп, 5,6 миңге жакыны жарадар болгон.
Ошол эле учурда Израилде 1,3 миң адам каза болуп, 3,7 миңден ашууну жарадар болгон.
БУУнун маалыматына караганда, Газа тилкесинде үйлөрүн таштап кеткендердин саны 338 миң кишиге жетип, күнүнө 75 миң кишиге өстү.
Мындан тышкары, Газа тилкесинде БУУнун агенттигинин 11 кызматкери набыт болду.