Палестина БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясында биринчи жолу орун алды

Автор

Башкы ассамблеянын 79-сессиясында эң маанилүү учурларынын бири 24-30-сентябрда өтүүчү жогорку деңгээлдеги жума болот. Ага дүйнөнүн ар кайсы бурчтарынан лидерлер жана тышкы иштер министрлери эл аралык кырдаалды баалайт.
Тарыхый окуя катары Палестинанын өкүлдөрүнүн катышуусун белгилөөгө болот. Алар Башкы Ассамблеянын залында БУУнун мүчө мамлекеттеринин жанында орун алды. Бул 2024-жылдын 10-майында Башкы Ассамблея тарабынан кабыл алынган резолюциянын натыйжасында ишке ашкан. Палестина Жакынкы Чыгыш маселелерине арналган жыйындарда өз өкүлдөрүн спикерлердин тизмесине кошо алат. Ошол эле учурда, Палестина байкоочу мамлекет макамында болгондуктан Ассамблеянын жыйындарында добуш берүү укугуна ээ эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2024: Үчүнчү күндүн программасы

Бүгүн, 11-сентябрь күнү V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында салттуу жаа атуу, далба ойнотуу, аттын үстүндө жаа атуу, көк бөрү, көк пар (жер улак), тогуз коргоол, чүкө оюну, “Алыш” бел боо күрөшү, аркан тартыш, оордуктарды көтөрүү, боюнча мелдештер башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ордуктарды көтөрүү […]

Сизге жагышы мүмкүн