Пакистандын Аскер-аба күчтөрү Ирандын Систан жана Белужистан провинцияларына ракета учуруп, муну “согушкерлерге багытталган чабуул” деп атады. Андан 9 адам курман болду.
Буга чейин Иран Пакистанга аба соккуларын баштаган. Эки бала атылган октун курмандыгы болгон. Исламабад окуяны аба чек арасын бузуу деп атаган.
Кырдаалдын курчушуна байланыштуу Пакистандын убактылуу өкмөтүнүн премьер-министри Анваар уль-Хак Какар Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга катышууну токтотуп, мекенине учуп кетти.