Пакистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Автор

Кыргызстанга Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Пакистандын ТИМ башчысы Астана шаарында өтүп жаткан ШКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны аяктаган соң Бишкекке жол тартат.
Бишкекте Мохаммад Исхак Дар Кыргызстандын медициналык мекемелеринде дарыланып жаткан пакистандык жарандарга барууга ниеттенүүдө.
Мындан тышкары, Пакистандын ТИМ башчысынын Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Иран эли президенти менен коштошуп жатат

Ирандын Тебриз шаарында тик учак кырсыгында каза болгон президенти Ибрагим Раиси жана ирандык делегациянын дагы жети мүчөсү менен коштошуу зыйнаты башталды. Иш-чарага бир нече миң адам катышууда. Соңунда каза болгондордун сөөгү салынган табыттар баш калаанын мечитинде окула турган жалпы эскерүү намазы үчүн Тегеранга жөнөтүлөт. Раисинин сөөгү кичи мекени Мешхедде Имам […]

Сизге жагышы мүмкүн