Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам маалымдагандай, Кыргызстанда 11.000 пакистандык студент бар. Бул студенттерден Кыргыз экономикасына түшкөн каражат 50 млн долларга жакын. Тактап айтканда, 4.5 млрд сом.
Студенттердин көпчүлүгү медициналык окуу жайларда окушат. Элчи Кыргызстанда окуп, иштеген Пакистан жарандарынын санын жалпы 14.000 миңге жакын деп билдирди.
“Биз пакистандык студенттерге ыраазычылык билдирсек болот. Анткени, эки өлкөгө авиа каттамдар ачылып, эки тараптуу алакалар жана туризм өнүгүү жолуна түштү”,- деп билдирди элчи.
“Пакистандын жумушчулары жана тикмечилери кыргыз фирмаларында иштеп, кыргыз экономикасына өздөрүнүн салымын кошуп жатышат. Бирок, учурда бизде канча жумушчу келип иштеп жаткан боюнча так маалымат жок”,- деди.