Пакистандын парламентти 13-августка чейин таркатылышы мүмкүн

Автор

Беш жылдык мөөнөтү аяктап бараткан Пакистандын Улуттук ассамблеясы жана аймактык кеңештери 13-августка чейин таркатылышы мүмкүн. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалына Пакистандын Ички иштер министрлигинин башчысы Рана Санаулла билдирди.

Анын айтымында, мындай кадам шайлоо комиссиясынын ишин жеңилдетүү үчүн жасалышы мүмкүн.

“Эгерде 11-августта Эл өкүлдөр жыйыны жана аймактык кеңештер таркатылса, шайлоо комиссиясы 90 күндөн ашык убакытта шайлоого даярдык көрөт”, – деди ички иштер министри.

Санаулла парламент тарагандан кийин өлкөнү убактылуу өкмөт башкарып, конституцияга ылайык шайлоо өткөрүлөрүн белгиледи.

Пакистандын Улуттук Ассамблеясынын жана Синд жана Белужистан провинцияларынын аймактык кеңештеринин мандаты 12-августта аяктайт. Пенджаб жана Хайбер-Пахтунхва учурда аймактардын убактылуу башчыларынын милдетин аткарып жаткандыктан, бул эки провинциядагы кеңештер таркатылбайт.

Буга чейин коалициялык өкмөт парламенттик жана аймактык шайлоолор 2023-жылдын 8-октябрында бир күндө өтөөрүн билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

ESPN: Месси жылдын мыкты оюнчусу аталды

Америкалык атактуу спорт каналы ESPN жылдын  жеңүүчүлөрүн жарыялады. Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси 2023-жылдын мыкты футболчусу аталды. “Интер Майами” клубунун  жаңы оюнчусу ошондой эле 2022-жылы Катарда өткөн Дүйнөлүк Чемпионатта ойногону үчүн эң мыкты көрсөткүчкө ээ болду, анда ал турнирдин эң мыкты оюнчусу аталды жана анын Аргентина курама командасы Дүйнө чемпиондугун жеңип […]

Сизге жагышы мүмкүн