Пакистанда 12 өлкөнүн элчилерин коштоп бараткан унаа жарылды

Автор

Пакистандын Мингора шаарынын жанында элчилердин тобун коштоп жүргөн полициянын унаасы жарылды. Окуяда бир полиция кызматкери каза болуп, экөө жаракат алды. Дипломаттар жабыркаган жок. Полициянын маалыматына караганда жарылууга колго жасалган мина себеп болушу мүмкүн.
«Мындай аракеттер Пакистандын терроризмге каршы күрөшүүгө берилгендигин өзгөртө албайт»,-деп айтылат Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Пакистандын президенти Асиф Али Зардари кол салууну айыптады.
Полиция кызматкерлери коштоп бара жаткан топто Индонезия, Португалия, Казакстан, Босния жана Герцеговина, Зимбабве, Руанда, Түркмөнстан, Вьетнам, Иран, Россия жана Тажикстандын делегациялары болгон.

Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн