Пакистанга Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин эки күндүк 23-жыйынына катышуу үчүн өлкөлөрдүн өкмөт башчылары же уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келет.
Иш-чаранын күн тартибине регионалдык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн социалдык-маданий байланыштарын чыңдоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү маселелери киргизилет. Делегациялардын келиши 15-октябрга күтүлүүдө. Негизги иш-чаралар 16-октябрга белгиленген.