Казакстанда тири укмуш окуя катталды. Павлодар облусунун тургуну Аманжан Шегебаев өзүнүн аялына экинчи күйөө алып берди. Ал эми келиндин экинчи күйөсүнө Павлодарда “токол күйө” деген ат ыйгарышты.
“Негизи, келинчегим көптөн бери экинчи күйө киргизип алам деп жүргөн. Ал алып келгичекти өзүм тандап, алып келип берейин деп чечтим”,- дейт Аманжан Шегебаев.
Ал эми коомдук активист Ернис Машрапов “эр азамат токол алса болот. А бул эмне деген маскара? Бул жакшы көрүнүш эмес”,- дейт. Калаа тургуну Олжас Баймаханов болсо, “алардын үй – бүлөсүн аялы башкарат. Аялы сыртта иштеп, акча табат. Күйөсү үйдө отуруп, бала багат, кир жууйт, тамак бышырат”,-деди.
Казакстанда май айынын аягында ушул окуя тууралуу “Менин атым кыз болсун” деген кино көрсөтүлөт.