Павел Дуров 5 миллион евро күрөөгө бошотулду

Автор

Париждин соту Telegram негиздөөчүсү Павел Дуровго алты пункт боюнча айып койду. Ага чейин полицияда ал 12 пункт боюнча сурак берген.
Айып коюлган соң сот ишкерди көзөмөлгө коюп, 5 миллион күрөө менен бошотту жана жумасына эки жолу полицияга баруу милдеттенмесин жүктөдү. Ага Франция аймагынан чыгууга тыюу салынды.
Telegram боюнча жүргүзүлгөн тергөө иштери боюнча Павел Дуровго төмөнкү айыптар коюлду:
– Суроо-талап боюнча компетенттүү органдарга маалымат же документтерди берүүдөн баш тартуу.
– Купуялуулукту камсыз кылуу үчүн сертификациядан өткөн билдирүүсүз криптографиялык кызмат көрсөтүү.
– Уюшулган топтун мыйзамсыз транзакцияларды жүзөгө ашыруу максатында онлайн платформа веб-мастеринги боюнча кошо катышуу.
– Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды, анын ичинде жашы жете электерге тиешелүү материалдарды сактоого кошо катышуу.
– Баңги заттарды сатып алууга, ташууга, сактоого, сатууга кошо катышуу.
– Уюшулган алдамчылыкка кошо катышуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттин кубогу - 2024: Көк бөрү боюнча мелдештер уланууда

Чолпон-Атадагы ат майданда көк бөрү боюнча Президенттин кубогуна арналган турнири уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, турнир Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу бир гана лиганын алкагында, олимпиадалык системанын негизинде өткөрүлүп жатат. Мелдешке жалпы 14 курама команда катышууда. Алар: Ак-Суу, Алтын-Альянс, Ак-Илбирс, Ысык-Ата, Казарман, Ала-Арча, Талас шаары […]

Сизге жагышы мүмкүн