Павел Дуров Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Автор

Евразиялык эл аралык университеттин ректору Константин Клименко Павел Дуровдун кандидатурасын Нобель сыйлыгына көрсөттү.
Клименконун айтымында, ал Нобель комитетине расмий сунуш жөнөткөн. Telegram’дын негиздөөчүсүн ректор көрүнүктүү инсан деп атады. “Ал жаңы санариптик технологиялар доорунун лидери болуп саналат. Менин оюмча, Дуров Нобель сыйлыгына татыктуу. Ошондуктан, мен Павел Дуровго Нобель сыйлыгын ыйгаруу боюнча расмий сунуш жөнөттүм”,-деп билдирди Евразиялык эл аралык университеттин ректору. Анын айтымында, бул демилгени Азия жана Африка өлкөлөрүнүн бир катар университеттеринин жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү колдоп чыгышкан.
“Мен, БРИКСтин Дубай инвестициялык форумунун уюштуруу комитетинин төрагасы катары, Павелди бул форумдун ардактуу коногу жана баяндамачысы болууга чакырдым. Франция бийлиги Дуровду түрмөдөн чыгарбаса да, Павелге БРИКСтин Дубай форумуна аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгү берилет”,-деп кошумчалады Клименко.
Павел Дуров — дүйнө жүзү боюнча 900 миллион колдонуучусу бар Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү жана ээси.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Парижде Паралимпиада башталат

Бүгүн, 28-августта Парижде баштала турган Паралимпиадалык оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу — пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо боюнча катышат. Паралимпиада оюндарына көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева, Айтунук Жоомарт кызы паратриатлон боюнча күч сынашат. Ал эми Маматибраим Суранов дзюдочу жана 86 килограммга чейинки салмак категориясында парапауэрлифтинг боюнча Миргүл Болоталиева катышат. […]

Сизге жагышы мүмкүн