Павел Дуровдун камактагы мөөнөтү узартылды

Автор

Париж сотунун судьясы Телеграммдын негиздөөчүсү Павел Дуровдун камактагы мөөнөтүн дагы 48 саатка узартты. Жалпы мөөнөт 96 саат болду. Бул убакыт ичинде сот кармалган адам жөнүндө чечим кабыл алышы керек. Ага айып тагылат же эркиндикке чыгарылат.
Француз жарандыгы бар Павел Дуров 24-августтун кечинде Париж аэропортунда кармалган. Француз медиасынын маалыматы боюнча, ишкерди терроризмге, алдамчылыкка жана баңгизат сатууга тиешеси бар деп эсептөөдө. Париж прокуратурасы бул тууралуу комментарий берүүнү 26-августка пландап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Таласта 402,6 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Таласта 402,6 млн сомдук жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө “Талас айыл көмөк” мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Талас […]

Сизге жагышы мүмкүн