Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакировду коомчулук билим берүү министрлигине сунуштап жатабы?
Белгилүү болгондой, анын билим берүү тармагын өнүктүрүү багыты боюнча берген сунуш, пикирлери кыргыз коомчулугунда ар кандай талкууга жем таштады. Анын билимдүүлүгү жана мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы тармакты алдыга жылдырат деген көз караштар басымдуулук кылат.
Өткөн жумада “Кактус медиа” басылмасы дээрлик кылмышка тете болгон бул окуу жылындагы скандалдар жана инциденттерди тизмектеген. Анда, китептердин жетишпестиги, директорлордун кызмат орду үчүн күрөшү, мугалим окуучуну сабаганы, кээ бир директорлордун кармалышы жана Сузактагы портердин окуучуларды койдуруп кеткени да, кеңири чагылдырылган.