Ош шаарынын вице – мэри Сонунбек Жунусбаев шаардыктарга чукул кайрылуу жасады.
“Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун демилгеси менен 3 этаптуу ишибиздин биринчи этабы ийгиликтүү аяктоо алдында турат. Биринчи этап деген – бул Ош шаарында жылына 30 жолу суу өчсө, анын 28 и Озгур айылындагы “Даңги” участкасына байланыштуу болот. Ошол маселени 80 пайызга чечтик. Кудай буйруса, 1-май түндөн 2-май күнгө караганда саат 24:00-22:00 гө чейин сууну өчүрөбүз. Анткени, бүткөн жумушту шаардык суу чарбанын карамагындагы суу түтүкчөлөрүнө улайбыз”,-деп билдирди вице-мэр.