Бүгүн, 15 – июндагы Жогорку Кенештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов Ош шаарынын кайрадан кароосуз калгандыгы тууралуу коңгуроо какты.
Эл өкүлү Жапалак айылындагы таштандынын үстү жабылбай 40 миң калкы бар каалада жаш балдардын ооруп жаткандыгы, Ош шаарынын ички жолдору дагы эле оңдоло электигин белгиледи. Мындан тышкары шаардагы бүткөрүлбөй келаткан ондон ашык мектептердин курулушун тездетүүнү белгилеп, шаарга бөлүнгөн 100 миллион сом кайда кеткендигине кызыкты.