Ош шаарынын мэри Ысык-Көлгө жетекчи болду

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Б.Жетигенов 2022-жылдын 29-ноябрынан бери Ош шаарынын мэри болуп эмгектенип жаткан.

Башка жарлык менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан Уланбек Далиев бошотулду. Ага Далиев башка ишке өткөнү негиз болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаев Ошко мэр болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Жеңишбек Токторбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп «Ата Журт —Кыргызстан» фракциясынан шайланган. Бөлүшүү:

You May Like