Ош шаарынын мэри Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовду сыйлады

Автор

Бүгүн, 13-октябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан, Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовду кабыл алып, Белград шаарында өткөн мелдештердеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Мэр Акжол Махмудовдун жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ага 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Кыргыз балбаны Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалда Азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешип, жеңишке жеткен. Бул балбандын дүйнө чемпионатында уткан экинчи алтын медалы болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Жети судья кызматтан бошотулат

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун берген сунуштарын эске алып, Судьялар Кеңеши бир нече судьяларга чара көрүүнү чечти. Ага ылайык, төмөндөгү судьяларды мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу президентке сунуш жөнөтүлдү. Алар Байзаков Н.М., Жамангулов Ж.Ж., Алгожоев З.Б., Алыбаев З.Э., Токтомаматов К.Ж., Сарыбаев Б.А. жана Мойдунов А.А. “Ошондой эле Ош облусунун […]

Сизге жагышы мүмкүн