Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу чечим бүгүн, 14-ноябрдагы сессиясында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, сессияда депутаттар жашыруун добуш берип, 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдосо, 3 депутат каршы болгон. Депутаттар шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкен.
Эске салсак, 57 жаштагы Бакытбек Жетигенов шаарга башчы болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.