Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Автор

Ош шаарынын аймагында бүгүн, 14-июль күнү катуу жааган жаандан улам сел кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жай мезгилиндеги туруксуз аба-ырайына байланыштуу Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, кырдаалды жоюу үчүн тиешелүү аракеттер жумшалып, Ош шаарынын жарандык коргонуу кызматтардын, мекеме-уюмдардын, муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү тарабынан Ош шаарынын аймагында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү, сел кеткен тилкелерди тазалоо, келтирилген чыгымдарды эсептеп чыгуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп, иш-аракеттер жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 14:00дөр чамасында катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли нугунан ашып, борбордук базарды, Төлөйкан айылын жана Озгур айылындагы Борубай-Ата эс алуу жайын каптаган. Жеринде куткаруучулар 420дан ашуун адамды эвакуациялады. Саат 19:00гө карата 258 куткаруучу жана 20 техника күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө

Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, сел агызып кеткендер бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – 1980-жылы туулган Д. Н. (аял киши), анын кыздары 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М. жана 2018-жылы туулган С. Алар Төлөйкөн айылындагы “Мөл-Булак” эс алуу борборунда эс […]

Сизге жагышы мүмкүн