Ош шаарында “Түштүк ЭКСПО-2024” көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Автор

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында VIII эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2024” жана IV эл аралык “Кыргызстан Улуу Жибек жолунда” туристтик көргөзмө-жарманкелери уланууда.
Жыл сайын өтүүчү көргөзмөгө Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Монголия, Казакстан, Венгрия, Орусия сыяктуу 8 мамлекеттерден бизнес жана дипломатиялык өкүлдөрү жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жеке ишкерлер катышты.
Аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көрсөтүлдү.
Ошондой эле салттуу музыкалык аспаптардын коштоосундагы концерттик программа тартууланды.
Иш-чара эки күнгө созулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо: Үгүт жүргүзүүнүн мөөнөтү аныкталды

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн мөөнөтүн аныкталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди. Маалыматка ылайык, шаардык кеңештер үчүн өнөктүк 18-октябрдан, айылдык кеңештерде 28-октябрдан башталат. Үгүт компаниясы 16-ноябрда эртең мененки саат 8де токтотулушу керек. Шайлоонун жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрга белгиленген. Добуш […]

Сизге жагышы мүмкүн