Ош шаарында мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды

Автор

Коргоо министрлигине караштуу Ош шаарындагы жалпы 0,35 га жер тилкеси Ош шаардык мэриясы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен административдик доо келтирилип, сот органдары доону толугу менен канааттандырып, Ош мэриясынын мыйзамсыз чечимдери жана “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын мамлекеттик актылары жокко чыгарылган.
Сот органдарынын чечимдери күчүнө киргенден кийин Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан келтирилген прокурордук чара көрүү актынын негизинде, 25 миллион 164 миӊ сомго бааланган жер тилке толугу менен мамлекеттин карамагына алынды

Бөлүшүү:
Next Post

ИИМ: Орус тилин билбегендер жарандык ала албайт

Соңку үч жылдын ичинде Россиянын ИИМ органдары 14 миң чет өлкөлүк жаранга жарандык алууга же миграциялык статуска арызын алуудан баш тартты. Себеби алар орус тилин билбей туруп тиешелүү сертификатка ээ болушкан. Россиянын ИИМдин расмий өкүлү Ирина Волк билдиргендей, мындай жарандар аталган өлкөнүн жарандыгын ала алышпайт. Буга байланыштуу ИИМ жасалма экзамендерди […]

Сизге жагышы мүмкүн