Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогу өтүүдө

Автор

Ош шаарында дзюдо боюнча Кыргызстандын кубогуна 200дөн ашык спортчу катышууда . Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, КР Улуттук дзюдо федерациясынын вице-президенти Улукбек Өмүрзаков, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөлөөт Абакиров, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.
Турнирге өлкөнүн бардык облустарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан: 7 эркек жана 7 аял – алпы 14 салмактык категория боюнча 200дөн ашык спортчу катышууда.
Кубоктун жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор, баалуу сыйлыктар жана кубоктор менен сыйланат. Аталган турнирде жогорку чеберчиликти көрсөткөн спортчуларга, спорт чебери наамы ыйгарылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Швеция Украинага 1,3 миллиард долларлык аскердик жардам менен бирге авиациясын берди

Швеция Украинага 1,3 миллиард долларлык эң чоң аскердик жардам пакетинин бир бөлүгү катары учак жана БТР берди. Бул тууралуу Швециянын коргоо министри Пол Йонсон билдирди. Анда окуу жана техникалык жабдуулары бар ASC 890 радар, чалгындоо жана башкаруу учактары бар. Бул абдан мыкты түзүм. Абада жана деңиздеги буталарга багыт алууга жөндөмдүү. […]

Сизге жагышы мүмкүн