Ош шаарындагы Келечек борборунун жанына салынган үйлөр сотко берилди

Автор

Ош шаарындагы Келечек борборунун жанына салынып калган Раимбек Матраимов менен Ахматбек Келдибековдун үйлөрү боюнча Ош шаардык мэриясы сотко кайрылып, жер тилкелерин кайрып алууну көздөп жатат. Мындай маалыматты калаа башчысы Бактыбек Жетигенов журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде маалымдады.
“Ушул жер тилкесинде кимдердин үй бар болсо, баарын сотко бердик. Анткени, бул социалдык багыттагы жерлер. Эми мыйзамдуу же, мыйзамсыздыгы каралыш керек”,- деп жооп берди.
Ал эми келээрки окуу жылына чейин шаардагы эскилиги жеткен мектептердин эшик терезелери алмашылып, оңдоп, түзөө иштери жүргүзүлөөрүн билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 1-июнга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 87 сом 70 тыйын болсо, сатуу 88 сом 30 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 87 сом 70 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн