Бүгүн, 30-мартта Ош шаардык Кеңеши кезектеги сессиясын өткөрүп жатат. Анда 2023-2024-жылга карата Ош шаар бийлигинин пландары боюнча суроо-жооп иретинде талкуу жүрүүдө. Мэр Бакытбек Жетигенов баштаган шаар бийлиги депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.
Бей Мар 30 , 2023
“Ош шаарынын мурдагы мэри Алмаз Мамбетовдун программасында тротуарларды куруу боюнча иш планы болгон. Ал жарым жартылай ишке ашты. Шаар ичинде курулган тротуарларды өзүңөр көрүп жатасыңар, алар сапатсыз курулган. Бул деген мамлекеттин жана элдин акчасын сапатсыз жакка коротту десек болот. Бул боюнча сөзсүз түрдө жоопкерчилиги каралышы керек”,- деп билдирди Ош шаардык […]