Алай районунун Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейинки Сары-Таш айылынан Нура айылына чейинки аралыгы саат 12:00дөн тартын бардык унаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында коюлду.
Кошумча маалымат берилет.