Ош – Раззаков унаа жолу жабылды

Автор

Ош – Раззаков унаа жолу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, кечээ 20:30дар чамасында тазалоо иштери учурунда катуу келген селден аталган жолдун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-июнга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөрүн эскерткен.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешине төрагалык кылууга киришти

Түштүк Кореянын БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалыгы аяктады. 1-июлдан тартып бул роль Россияга өттү. Коопсуздук Кеңешине төрагалык ай сайын бир өлкөдөн экинчи өлкөгө өтөт. Россия төрагалык кылуу мезгилине үч негизги иш-чара пландаганын БУУдагы РФнын туруктуу өкүлү Василий Небензя билдирди. Алардын бири – адилеттүү, демократиялык жана туруктуу дүйнө тартибин куруу үчүн көп […]

Сизге жагышы мүмкүн