Жантаев Элчибек президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, облустун буга чейинки башчысы Зиядин Жамалдинов баштаган бир катар жетекчилер кызматтан бошотулган.