Ош облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 777,4 млн сом сом каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бюджеттер аралык трансферттер:
Теңдөөчү трансферт – 627,1 млн сом;
Ыйгарым укуктарды берүүгө -46,3 млн сом;
Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 16,3 млн сом;
Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 19,2 млн сом;
Айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 68,5 млн сом,
Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектке 1,18 млрд сом бөлүндү.