Ош-Каракол аба каттамы 9-январда ачылат

Автор

9-январдан тарта «Асман» авиакомпаниясы Ош-Каракол аба каттамын ачат. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдар ар бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Билет баасы – 4 миң 600 сомдон болору кабарланды.
Маалыматта бир жуп лыжа же сноуборд бекер берилери да айтылды.
11-декабрда «Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясынын Dash 8 Q400 учагы Бишкек – Каракол каттамы боюнча каттамдарды аткара баштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламент аткаруучу президентти импичмент жолу менен кызматтан кетирди

Түштүк Кореянын парламенти премьер-министр Хан Док Сууга импичмент жарыялап, аны аткаруучу президенттик кызматынан кетирүү боюнча добуш берди. Импичментти колдоп 192 депутат бир добуштан чечим чыгарды. Бул – өлкө тарыхында парламент аткаруучу президентке импичмент жарыялаган алгачкы учур. Оппозиция импичментти президент Юн Сок Ёль менен анын жубайы Ким Гон Хиге каршы тергөө […]

Сизге жагышы мүмкүн