Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдиновдун жер талашка аралашкан аудиосу интернетке тарап, Төлайкөн айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Султанбек Жунусов аталган жердин мыйзамсыз экендигин айтып жатканын угууга болот. Бирок, Ош облус губернатору аны бүтүрүп берүүгө үндөгөн үн жазуусу коомчулукка тарап кетти. Анда өндүрүштүк негиздеги 5 гектар жерди калктуу конушка өзгөртүү жөнүндө сөз болуп, бирок, губернатордун талабына Султанбек Жунусов көнбөй жатат. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан үн жазуу боюнча губернатордун маалымат катчысы маек берип, муну атайын уюшулган чагым жана аудиону кескилеп, керектүү жерин чыгарган деп билдирди. Ал эми аталган 5 гектар жер жеке менчик экенин, анын ээси губернаторго кайрылып, калктуу конушка өзгөртүп берүүнү суранганын айткан. Эки жума мурда парламентте депутаттар маселе көтөрүп, жер чырына Зиядин Жамалдиновдун тиешеси бар деп айтып чыгышкан эле. Учурда болсо, тараган аудио боюнча министрлер кабинети үн ката элек.