Ош–Бишкек унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди

Автор

Ош – Бишкек унаа жолунда кайрадан оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда кар жаап, жолдорду тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Сосновка, Чычкан, Арал көзөмөл өткөрмө жайларынан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына кайрадан чектөөлөр киргизилди.
«Урматтуу айдоочулар жолго чыгаарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөккө ороочу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Сауд Арабия 50 млн доллар бериши мүмкүн

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабияга болгон иш сапары учурунда Сауд Өнүктүрүү банкынын жетекчиси Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушкан. Эки тараптуу жолугушууда биргелешип кызматташуу тууралуу сөз жүрүп, натыйжада, аталган фонд 50 млн доллар каражат бөлөөрү белгилүү болду. Сауд Өнүктүрүү фондунан бөлүнө турган каражат Кыргызстанда 38 мектептин курулушуна жумшалат. Ошондой эле президент […]

Сизге жагышы мүмкүн