Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 43-чакырымындагы Чили-Сай көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп, каттам жанданды.
Азыркы тапта да калыбына келтирүү, бекемдөө иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери жана атайын техникалар тарабынан уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы убактылуу көпүрө да калыбына келтирилип, каттам жанданган.
Эскерте кетсек, 30-июнда селдин кесепетинен аталган жолдогу эки көпүрө жабыркап, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандагы сел кырсыгына байланыштуу көңүл айтты
Шей Июл 2 , 2024
Президент Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Ош облусунун Ноокат районундагы селдин кесепетинен адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү Бул тууралуу Акорданын Telegram-каналы билдирүүдө. «Орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшүп, Казакстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, ошондой […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/07/cfbbe1fa2cb4a89845b8343090a3a.jpeg)