Ош, Баткен, Кара-Суудагы шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Ош, Баткен жана Кара-Сууда мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялады.
Оштогу №7 бир мандаттуу шайлоо округунан Бекмурза Эргешов, Баткендеги №2 бир мандаттуу шайлоо округунан Бактыяр Калпаев, Кара-Суудагы №9 бир мандаттуу шайлоо округунан Илимбек Кубанычбеков Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды. Алар парламентте түрдүү жагдайда мандатын тапшырган депутаттардын ордуна келет.
28-апрелде өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун акыркы жыйынтыгы 4-майда чыкты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жасалма интеллектти өнүктүрүү комитети түзүлдү

Казакстан Республикасынын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин Жасалма интеллект жана инновациялык өнүгүү боюнча комитети пайда болду. Тиешелүү токтомго өкмөт кол койду. Жаңы комитетке жасалма интеллект тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу милдети жүктөлөт. Бул тармакта технологияларына тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда негизги ролду ойнойт. […]

Сизге жагышы мүмкүн