Ош базарынын ордуна оорукана же свер куруу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Шаар башчысы “Ош базары менен кошо чыгыш-батыш автобекеттерин сыртка көчүрөлү деп пландап жатабыз. Жер маселеси чечилген. Фучик көчөсү менен баратканда 160 гектар жер каралууда. Азыр долбоордук иш-чаралар жүргүзулүп жатат. Ушул долбоорлор аяктаса, жазында сыртка чыгарабыз. Алардын ордуна оорукана жана свер куруу сунушталып жатат”, -деди