Бишкек шаарынын Чүй проспектисини менен Бейшеналиев көчөсүнөн Фучикке чейинки бөлүгүндө көрктөндүрүү иштери уланууда.
Бишкек мэриясынын билдиргенине караганда бетон тосмолор курулуп, сугат суу түтүктөрү тартылып, таштар тазаланып, топурактар тегизделди.
Ошондой эле учурда жолдун жээгине 1500 даана ийне жалбырактуу туя тигилди. Бул жашыл кооз, бадалдар жарандарды жолдун тыюу салынган жеринен басууга жол бербейт.