Оштун стадиону Борбор Азиянын алгачкы клубдук мелдешин кабыл алат

Автор

Оштун Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиону Борбор Азиянын алгачкы клубдук мелдешин кабыл алат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган биримдиктин башкы катчысы Медербек Сыдыков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын Аткаруучу директору Канат Асенов менен бирге Премьер-Лига, Улуттук лигада ойногон жергиликтүү клубдардын машыктыруучулары жана өкүлдөрү менен жолугушту. Анда 2025-жылкы футбол сезонуна болгон даярдыктар, турнирлердин форматтары боюнча маселелер каралды.
Ошондой эле, Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Ош шаарынын жаңы дайындалган Мэри Токторбаев Женишбек менен жолукту. Түштүк калаанын Мэри Президенттин «2024—2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык Ош шаарынын футбол ассоциациясынын жана «Алай» муниципалдык клубунун президенттик кызматында да иш алып барат. Аталган жолугушууда, КФБ жетекчиси шаардын мэрин бул кызматтарга дайындалышы менен куттуктап, анда футболду өнүктүрүү боюнча пландар талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыгында, «ОшМУ» клубунун окуу-машыгуу базасын курууга Ош шаарында жер тилкесинин бөлүнүлүшү келишилди.
Белгилесек, Ош шаарында 2024-жылы реконструкциядан кийин колдонууга берилген
Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиону 2025-жылы Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын алгачкы эл аралык клубдук турниринин тайпалык оюндарын кабыл алышы мүмкүн. Тиешелүү арыз Кыргыз футбол биримдиги БАФАга жолдогон.

Бөлүшүү:
Next Post

31-январга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 31-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда, Баткен облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 […]

You May Like