Ошто 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор

Ош облусунун аймагында жер титиреди.Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Тажикстандагы жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Организм кантип тазаланат: бөйрөк жана боор

Боорду токсиндерден кантип тез тазалоо керек? Таза ичүүчү суу – организмден зыяндуу заттарды чыгарууда боордун негизги жардамчысы. Дарыгерлер күндү бир стакан суу менен баштоону жана жатар алдында бир стакан суу ичүүнү сунушташат. Сарымсактын курамында күкүрт кошулмалары бар, алар боордогу тамак сиңирүү ферменттерин активдештирип, анын чыпкалоо жөндөмүн жогорулатат. Дары-дармексиз бөйрөктөрдү зыянсыздандыруунун […]

Сизге жагышы мүмкүн