Ошто 39 мечит, 21 диний окуу жай убактылуу жабылды

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети түзгөн мекемелер аралык топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча текшерүү 20-июлда башталып, жыйынтыгында “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 48 мечитке, 40 диний окуу жайга карата талаптар, актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген

 

«15 факты боюнча материалдар ББРга (9 мечитке, 6 диний билим берүү мекемесине) катталды, 7 материал МКЖ АМСга каттоого алынды. 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Толтурулган протоколдордун негизинде 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. Христиандык багыттагы 18 диний объектинин иши текшерилди”,- деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир сааттын ичинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетүүсү мүмкүн.   Катуу шамал учурунда:   — Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;   — Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;   […]

Сизге жагышы мүмкүн