Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 11-майда болжол менен саат 19:48де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында – 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында – 3 балл, Мырза-Аке, Ак-Жар, Большевик, Куршаб, Ничке-Сай айылдарында – 2,5-3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.